• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта “Сабантуй” майрамы белгиленди

Аймак 0

Ош, 24.06.19. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында кыргызстандык татарлардын "Сабантуй" майрамы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – улуттар аралык байланышты жана биримдикти күчөтүү. Иш-чара Сахаба паркында өтүп, ага жергиликтүү тургундар да катышкан.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ноокат шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы Калыскан Тагаевага жана Россиянын Казань шаарынан келген делегацияга Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдиновдун атынан белектер тапшырылган.

Иш-чаранын алкагында чакан майрамдык концерт коюлган.

Пикир

Оставить комментарий