• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында жаштар арасында экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Өлкө аймагында жаштар арасында экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмдин алдын алуу максатында "Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмди алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери" аттуу темада 6-декабрдан 30-декабрга чейин республиканын аймагында алдын алуу иш-чаралары мерчемделип, анын алкагында жер-жерлерде калк арасында өткөрүлүп келе жатат.

Аталган иш-чаранын негизинде 15-декабрда Жалал-Абад шаарынын жаш активисттерине, казыят кызматкерлерине, борбордук мечитинин жамаатына өткөн болсо, 16-декабрь күнү Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине, жаш активисттерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнө, социалдык педагогдорго жана Сузак РИИБнин кызматкерлерине экстремизмди алдын алуу боюнча семинар, лекциялар өткөрүлөт.

Аталган семинар, жолугушуулардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмди алдын алуу боюнча даярдалган 5 миңден ашык усулдук китепчелер, букеттер, эстеткичтер таратылды.

Ушундай эле профилактикалык иш-чаралар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондорунда өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий