• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто социалдык долбоорлорду колдоо максатында ишкерлер менен жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 28-январда Ош шаарын мэриясында жеке ишкерлер менен жолугушуу болду. Жолугушууга Ош шаарынын вице-мэрлери Эмиль Шадыханов жана Жасур Азимов, шаардык кеңешинин депутаты Гулсана Эсенбаева жана курулуш компниялардык жетекчилери каташты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында социалдык багыттагы долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана инвестиция салуу боюнча сөз болду. Долбоордун максаты Ош шаарындагы мугалимдерди турак жай менен камсыздоо жана аларга жеңилдиктерди берүү болуп эсептелинет.

“Билим азыгы” коомдук бирикмесинин жеткчиси Орозов Абдулвахиттин айтуусу боюнча бул долбоордун алкагында мугалимдерди коргоо жана ар тараптан колдоого алып жалпы 7 багытта ишмердүүлүк жүргүзөт.

Мындан сырткары, өлкөдө биринчилерден болуп Ош шаарында аталган коомдук бирикмеси менен биргеликте “Нурзаман”, Элит-Строй-Сити” жана “Эмаком” жеке курулуш компаниялары тарабынан мугалимдерге жалпы 100гө жакын узак мөөнөткө пайызсыз, арзандатылган турак жайлар берилген.

Бул долбоорду келечекте Республиканын бардык аймактарына жайылтууну “Билим азыгы” коомдук бирикмеси пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий