• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк тилдүү элдердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 28-январда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий-маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министр Түрк академиясынын президентине ички саясий кырдаал, өлкөдөгү маанилүү саясий процесстер жөнүндө айтып берип, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун инаугурация салтанатына катышуу үчүн келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Казакбаев Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды чыңдоо жана боордош руханий интеграция үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Дархан Кыдырали министр Руслан Казакбаевге Түрк академиясынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жетишкендиктери, 2021-жылга белгиленген пландар жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысына академиянын кезектеги "Түрк дүйнөсү: тарыхый жана маданий атлас" аттуу илимий эмгеги тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий