• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Швейцария дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесин белгилөөдө

Саясат 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 14-февралында Кыргызстан менен Швейцария дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул тууралуу КРдагы Швейцария элчилигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 25 жыл аралыгында Швейцария Кыргызстанга саламаттыкты сактоо тармагында, мамлекеттик мекемелерди колдоо боюнча, жеке сектордо, шаардык суу жабдуу жаатында, ирригация, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жарандык коомдуу колдоо жаатында техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 350 миллиондон ашык швейцариялык франк берген. Ошондой эле, Швейцария 2015-2016-жылдары парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду ийгиликтүү жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөн.

“КР Борбордук Азияда парламенттик демократия багытындагы бирден бир өлкө болуп саналат жана көз карандысыздыкка жетишкенден тартып өзүнүн өнүгүүсүндө жана тарыхында олуттуу өзгөрүүгө жетише алды. Швейцария өлкөнүн өнүгүүсүнө өнөктөш болгонуна сыймыктанат жана Кыргызстанга көмөк көрсөтүүсүн улантат. Биздин өлкөбүздү көп жалпылык бириктирип турат жана мамилелерибизди ишеним, достук жагдайында уланта бермекчибиз”,-деди Швейцариянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ренэ Холенштайн.

Пикир

Оставить комментарий