• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Цемент, арматурасыз курулганбы? Жалал-Абадда жер асты өтмөгүн курган компанияны депутаттар сотко берет

Аймак 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жер асты өтмөгү цемент жана арматурасыз курулганбы? Бул тууралуу маселени шаардык кеңештин депутатары 2019-жылга карата калаа казынасын бекиткен отурумда көтөрүштү.

Өтмөктү бүткөргөн курулуш фирмасы, анын сметасында жогорудагы курулуш материалдары кирбей калганын айтып, мэрияны дагы 5,7 миллион сом төлөп берүүсүн талап кылган. Мындай көрүнүшкө эл өкүлдөрү ачууланып, курулушу аяктаган өтмөккө кайра акча бөлүп берүүдөн баш тартышты, деп кабарлады "Ынтымак" каналы.

“Бетону кирбей калган, арматурасы кирбей калган деп, булар бизге сметасын берип жатат. Анда алар ал курулуш каражаттары жок өтмөктү кантип курду? Ошол үчүн, аларга акчаны соттун чечими менен гана беришибиз керек.”–дейт Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шайырбек Ташиев.

Мындай пикирди көпчүлүк депутаттар колдоого алышты. Алардын бири депутат, Эрнис Ормоков бул жерде коррупциялык схема болушу ыктымал деп эсептейт.

“Бул жерде коррупция болушу мүмкүн. Ошол себептен финполго же прокуратурага беришибиз керек. Эгер шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын,эксперттер менен долбоордун авторунун күнөөсү болсо алар төлөсүн. Биз элдин акчасын жөн эле, доомат кылып сурагандарга бере бербешибиз керек", - деди эл өкүлү.

Курулуштунтун чиймесинен ал бүткөнгө чейинкисине Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаменти жооптуу. Бирок алар жогорудагы жагдайды жөн гана “техникалык ката” деп билдирди.

“Бул жерде компьютерден катачылык кетип калган. 100дөн ашуун барактан турган проектини карап чыгууга биздин адистер жетишпейт. Бул жерде техникалык ката болуп калган”- деди шаардык капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркулов.

Анын жообуна эл өкудөрү макул болгон жок. Ошентип, шаардык кеңештин депутаттары өтмөктү курууга компания менен соттошмой болду. Бул боюнча экинчи тарап азырынча үн ката элек.

Белгилей кетсек, өтмөктүн сметасы 19 миллион сом деп каралып, аны тендерден уткан “Сафари” курулуш фирмасы 11, 8миллион сомго утуп алып, аны өткөн жылдын сентябрь айында бүткөргөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий