• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Сууда жаштар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Майлуу-Сууда жаштар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы Борбордук Азия колледжи менен биргеликте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата "А ну-ка парни" аталышындагы турнир өткөрүштү. Студенттерди мекенчилдикке үндөгөн спорттук таймашка 8 команда катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер ыйгарылды.

Милиция кызматкерлери жаштарга кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий