• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ысык-Ата райондук милициясы мектеп окуучуларына музейде экскурсия уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өсүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 14-декабрда Буденовка айылындагы орто мектептин окуучулары үчүн кыргыз элинин маданиятынын интерактивдүү музейине экскурсияга алып барышты.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, музейге мектептин окуучулары Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп жетекчилигинин коштоосунда барышты.

Иш-чаранын максаты — салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө идеалдарын, сергек жашоо образын, Ата Мекенди сүйүүнү жана элге кызмат кылууну жайылтуу.

Пикир

Оставить комментарий