• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан тарта 1392 мас айдоочу аныкталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январынан 27-февралына чейин инспекторлор тарабынан 91 миң 80 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан ар кандай эреже бузуулар үчүн 4 миң 680 автоунаа айып токтотуучу жайына токтотулган. Ошондой эле 1 миң 392 айдоочу унаасын мас абалда башкарган, 602 унаанын терезеси караңгылатылган, 36 миң 632 айдоочу автоунаасын жогорку ылдамдыкта айдаган, жөө өтмөктө эреже бузуу фактысы - 826.

Пикир

Оставить комментарий