• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчыда окуучу кыз ата-энесинин ажырашуусунан улам көлгө чөгүүгө аракет кылган – куткаруунун видеосу

Аймак 0


Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 26-февраль күнү болжол менен саат 15:05те 8-класстын окуучусу Ысык-Көл көлүнө чөгүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 2005-жылы туулган кыз ата-энеси ажырашып жаткандыктан, аларга таарынычта болгон. Ал чоң атасынын үйүндө турган.

"Ал апасына чалып, өзүнүн жанын кыя турганын айткан. Апасы Бишкекте болгон. Апасы ал жактан социалдык кызматтын кызматкерлерине кабарлап, алар көлгө келип кызды куткарып калышкан", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий