• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөн районунда дайынсыз болуп изделип аткан Асемай табылды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. 15 жаштагы Асемай Полотова Полотова Асемай Куршаб айылынын жашоочусу, ал 2021-жылдын 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучунун жоголгону тууралуу маалыматты милицияга анын апасы 1983-жылы туулган П.К. билдирген.

Аталган факты 2021-жылдын 3-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Асемайдын жүргөн жери такталып, 2021-жылдын 11-декабрында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий