• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда 28 үй-бүлө акысыз жаңы турак жайлуу болду

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Москва районундагы Крупская айылында аз камсыз болгон жарандар үчүн курулган социалдык шаарчанын ачылышы болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Акылбек Жапаров жашоочуларды жаңы турак-жайлуу болушу менен куттуктап жатып президент Садыр Жапаровдун “Биздин көздөгөнүбүз – колунда жок адамдарды жакырчылыктан чыгаруу” – деген сөзүн айтып өттү.

“Президентибиз Садыр Нургожоевич кечээ “Дордой” базарынын ишкерлери менен жолугуп, аларга бир эле сөздү жеткире айтты. “Максатыбыз – кедейликтен чыга албай жаткан жөнөкөй соодагерлерди тез арада бутуна тургузуп, жок дегенде орто байлардын деңгээлине жеткирүү. Албетте баары эле соодагер болуп кетпейт. Президент элибизге ар тараптуу жардам берүүнүн үстүндө жанын сабап иштеп жатат. Тагдыр оор мезгилге туш кылса да, кыргыз жакшылыктан үмүт үзбөйт. Сиздердин маңдайыңыздарга үйлүү болуу бактысы буйруптур. Жаңы конушуңуздар кут болсун”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында аларга мамлекет тарабынан кайтарымсыз 100 миң сомдон берилип жатканын, анын арты менен ийгилик жараткандарына дагы бир жолудан кайтарымсыз 200 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирди.

“Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды колубуздан келсе, жыл сайын көтөрөбүз. Элде болсо, анан бизде болот. Биз эч кимди артка калтырбайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, социалдык шаарчанын курулушу “ИТАР” (ETHAR) коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды. Жалпысынан 28 үй-бүлөгө үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Өз убагында жергиликтүү бийлик тарабынан 1 гектардан ашуун жер бөлүнүп берилген. Жакын арада тигүү цехи жана ФАП салынат.

Пикир

Оставить комментарий