• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ башчысы 2023-жылы ар кайсы өлкөлөрдөн канча кыргызстандык эвакуацияланганын айтты

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Жыл башынан тарта Кыргызстанга ар кайсы өлкөлөрдөн ар кандай кырдаалдардын кесепетинен 76 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министр белгилегендей, мекендештер Сирия, Түркия, Ирак, Судан, Тринидад жана Тобагодон алынып келген.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргызстандын жашы жете элек 11 жаранына жардам көрсөттү.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы чет өлкөдө каза болгон 213 кыргызстандыктын сөөгүн (200 жүк) мекенине алып келүүгө жардам берилген.

Пикир

Оставить комментарий