• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чейрек кылымдан кийин II Бишкек глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалууда

Саясат 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Эл аралык коомчулук Кыргызстандын тоо маселесиндеги иш-аракеттерине абдан кылдат көз салууда жана бул жаатта республика алдыңкы позицияны ээлеп турганын чындап моюнга алууда. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Ал белгилегендей, жакынкы жылдары Кыргызстанда климатты өзгөртүү маселесине арналган улуттук жана эл аралык деңгээлде бир катар иш-чараларды өткөрүлөт.

"2027-жылы II Бишкек Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз. Президенттин Дубайдагы Климат саммитине катышуусу ийгиликтүү болду деп ойлойм жана биз Кыргызстан бүтүндөй аймактын кызыкчылыгы үчүн сууну, мөңгүлөрдү жана климатты сактоо боюнча тоо демилгелерин активдүү жүргүзүп, алдыга жылдырып жатканын дагы бир жолу баса белгиледик", - деди министр.

Кошумчалай кетсек, I Бишкек глобалдык тоо саммитти 2002-жылы өткөрүлгөн. БУУнун маалыматы боюнча, ал тоолуктардын чукул муктаждыктарына эл аралык кызыгууну арттырып, аларды колдоо зарылдыгын түшүнүугө түрткү берди.

Кыргызстандын экинчи саммитти өткөрүү демилгеси 2008-жылдан бери дүйнөнүн тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун, анын ичинде жаңы инновациялык финансылык механизмдер аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн тышкы карыздарды алмашуу аркылуу алдыга жылды.

Пикир

Оставить комментарий