• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар кыргызстандыктар Бахрейнге визасыз кире алат

Саясат 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Эми дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортко ээ болгон кыргызстандыктар Бахрейнге визасыз кире алат.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Бахрейн өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирди.

Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Бахрейндин жарандары – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат.

Пикир

Оставить комментарий