• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте дем алыш күндөрү 93 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте 9-10-февраль күндөрү өткөрүлгөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө 93 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздук камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан эки күндө 2 миң 256 айдоочу тарабынан жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 93 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 37 айдоочу;
  • жалган жасалма мамлекеттик номурлар менен унаа башкарган 4 айдоочу;
  • ар кандай жол эрежелерин бузган 282 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдын аягына чейин “Бахус” аталышында рейддик иш-чара уланат. Айрыкча дем алыш күндөрү баардык автоунаалар токтотулуп, текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий