• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февралдан 14-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий