• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең менен жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондоро кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5...+10, Талас облусунда +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарын облусунда -1...-6 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +7...+9 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий