• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчибек Жантаев Чүй облусунун айыл өкмөт башчылары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору Элчибек Жантаев санариптештирүүнүн алкагында Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана шаардык кеңештердин төрагалары менен болгон семинарга катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган семинарлар Улуттук статистикалык комитети жана Мамлекеттик кадр кызматы менен бирге ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, КР президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык өтүүдө.

Семинардын алкагында автоматташтырылган системалар: Санарип аймак, E-kyzmat, СЭД-Инфодокс, Электрондук соода платформасы, Аймактардын өнүгүшүнө мониторинг жана баа берүү системасын куруу боюнча окутуулар жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий