• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 3 жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсеге көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Кыргызстанда 3 жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 75 миң 695 контролдук-кассалык машина ийгиликтүү колдонулууда. Бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйдү.

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча ККМди киргизүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.

ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Бул чаралардын алкагында ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий