• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Kорея Tелеком» корпорациясы кыргыз тарап менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Корядагы элчиси Аида Исмаилова кореялык «Kорея Tелеком» корпорациясынын жаңы дайындалган башкы аткаруучу директоу Йонсоп Ким менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын "КТ" корпорациясы менен кызматташуусунун активдешүүсүн жогору баалашты.

Аида Исмаилова учурда Кыргызстанда ишке ашырыла баштаган "көмүскө" экономикадан чыгуунун маанилүү кадамы болгон каржы (төлөм) инфраструктурасын түзүү долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. "Улуттук санариптик трансформация стратегиясын"иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстанда "КТ" менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртуу боюнча бир катар гранттык долбоорлор иштелип жатканын баса белгиледи. Дата-борборлорду жана билим берүү-борборлорду түзүү боюнча корей тарап менен долбоорлорду ишке ашырууну кароону сунуштады.

Йонсоп Ким өз кезегинде, компания менен кыргыз тараптын мындан аркы кызматташуусуна кызыкдар экендигин белгиледи

Жыйынтыгында Аида Исмаилова өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы тууралуу айтып берди жана Йонсоп Кимди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий