• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы 6 миңден ашык бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган

Коом 0

Бишкек, 13.01.24. /Кабар/. 2023-жылдын 12 айында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү 6 243 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми аныкталган зыяндын суммасы 1,2 млрд сомду түзгөн.

Аныкталган фактылар боюнча 5 978 кылмыш иши козголуп, аларды кароонун жыйынтыгы боюнча:

- 45,3 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлгөн;

- укук бузуулар жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө иштердин алкагында 369,5 млн сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 265 материал өткөрүлүп, алар боюнча 345,1 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулган.

Бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 170,5 млн сомго көбөйгөн, эгерде 2022-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин көлөмү 589,4 млн сомду түзсө, 2023-жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 760 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий