• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Грузиядан келген полиция кызматкерлери патрулдук милиция кызматына сынактан өткөндөргө сабак өтүшөт

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Грузиядан келген полиция кызматкерлери патрулдук милиция кызматына сынактан өткөндөргө сабак өтүшөт, - деп билдирет ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-августунда КР ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдарына алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин патрулдук милиция Департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишти.

"Аталган эксперттер бир жума ичинде Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан талапкерлерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, ЖКККББнын, Бишкек шаардык жана Чүй областук ИИББнын кызматкерлерине сабак өтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Кайрадан түзүлгөн патрулдук милициянын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан бери ИИМ Академиясында билим алып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий