• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

15-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Талас облусунда +14...+19, Баткен облусунда +15...+20, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +6...+11, Нарын облусунда +5...+10 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +17...+19 градуска чейин жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий