• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкекте спартакиаданын алкагында майыптыгы бар жарандар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - «БУПП-1 КОС и КОГ» ЖЧКсы;
2-орун - №21 угуусу начар жана кулагы укпаган балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернаты;
3-орун - Бишкек шаардык азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун жаштар баштапкы уюму.

Иш-чара Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий