• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинин сап башына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жарыяланды.

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова 8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык турниринде алтынды багындырган. Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашып, 7:1 эсебинде жеңишти камсыздаган. Буга чейин Айсулуу россиялык Любовь Овчаров и Светлан Липатованы жеңген.

Турнирдеги жеңишинин аркасында Тыныбекова 2021-жылы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий