• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын жаш футболчулары Казакстандагы чемпионатта бардык атаандаштарын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Футзал боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын курамасы Казакстандын чемпионатында "Күлсары" клубун жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандык команда алты оюн өткөрүп, бардык беттеште жеңүүчү аталды.

Улуттук курама "Кайратты" 2:1, "Аятты" 2:0, "Актөбени" 5:1, "Тулпарды" 3:2, "Созакты" 6:3 жана " Күлсарыны" 6:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 6 казакстандык команда жана бир кыргызстандык курама катышты.

Пикир

Оставить комментарий