• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аэропортко бараткан жолдо бакты сүзүп алган айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. "Манас" аэропортуна бараткан жолдун 18-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун кечинде саат 17.50 чамасында болгон. "Хундай" үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 66 жаштагы айдоочу бакты сүзүп алган.

Натыйжада айдоочу шаардагы №1 ооруканага жеткирилип, бирок, алган жарааттан улам каза болгон.

"Ошол күнү аэропортко барчу жол таза болгон, башкача айтканда, тайгак эмес болчу", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктарды бирдиктүү реестринде каттоого алынган, чогултулган материалдар Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий