• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Honda Fit унаасынын айдоочусу электр мамычаны сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бишкектеги 7-Апрель жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги электр мамычаны сүзүп алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыктан эркек киши жабыркаган.

Куткаруучулар жабыркаганды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Жерине министрликтин 5 куткаруучусу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий