• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Ал эми Бакай-Ата конушунун Ак-Балта көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган аянты 48 чарчы метр турак үйдүн чатыры, муздаткыч, сыналгы, жумшак эмерек, газ плита, кир жуугуч жана тигүүчү машина күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү үйдүн 1-кабатында жайгашкан №34 почта бөлүмүндө электр жылыткычтын үстүндө төшөк күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий