• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Буура дарыясына агып кеткен эки адамды издөө иштери улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Жол кырсыгынын кесепетинен Ак-Буура дарыясына агып кеткен эки адамды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Ош облусунун Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаада 3 адам болгон, анын бирөөсү аман калып ооруканага жетирилген. Ал эми 64 жаштагы эркек киши жана 4 жашар бала сууга агып кеткен.

15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 17 куткаруучу тартылды. Бирок, жыйынтык боло элек.

Бүгүн, 16-сентябрда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий