• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Этникалык кыргыздар арасында бюджеттик орундар үчүн өткөн сынактын жыйынтыгы

Билим 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий