• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Эки турак үй күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 9, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Кокум-Бий көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Жар конушунда жыгач устундуу шифер менен жабылган 50 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана 3 бөлмөсүндө үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт балдардын шоктугунан келип чыккан.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булун айылында жалпы аянты 70 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында жалпы аянтты 44 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий