• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте унаадан өрт чыгып, бир адам колунан күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Бишкекте унаадан өрт чыгып, бир адам колунан күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 23 жаштагы М.А. атту жаран сол колунун чыканагына чейин күйүк алып, тез жардам кызматы күйүк борборуна алып кеткен.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий