• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандагы жер титирөө Ысык-Көлдө 3 баллга чейин сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Казакстандагы жер титирөө Ысык-Көлдө 2,5 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 10:12де Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуа караштуу Кызыл-Жар айылынан түндүк-чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан-түндүк чыгышты карай 80 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Ак-Суу районунун Сары-Камыш, Теплоключенко, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кен-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий