• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара кызматы: Тажик тарап электр чубалгыларына жана чек ара заставаларына минометтон багытталган ок атууда

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Тажик тарап электр чубалгыларына жана чек ара заставаларына минометтон багытталган ок атууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө жерлигинде таш жүктөлгөн унаалар менен тажик жарандары келген. Алар таштарды түшүрүп, Баткен-Исфана унаа жолун тосушкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн.

Эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында унаа жолу каттам үчүн ачылган. Бирок, маселе чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тилкесиндеги Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскерлерине миномет жана гранатомёттон ок чыгарган.

«Андан соң тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде кыргыз аскерлери тарапка ок аткан.

Тажик аскерлеринин аракеттери жеринде Согди облусунун губернатору тарабынан координацияланган, бул чагымчылдыктын алдын ала даярдалгандыгын тастыктайт.

Чек ара аскерлеринин штаттык комплектине кирбеген миномётторду колдонуу тажик аскерлеринин Куралдуу күчтөрүнүн каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат, бул мамлекеттердин ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр чубалгыларын жана чек ара заставаларын минометтон атууда.

Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талаптарына тажик аскерлери көңүл бурган жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий