• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр: Кыргыз тараптан 4 аскер кызматкери жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын төрт аскер кызматкери жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин Баткен облусундагы координатор Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча, жабыркаган аскер кызматкерлерин эки тез жардам кызматы Көк-Таш айылынан облустук бириктирилген ооруканасына алып кетти.

Аскер кызматкерлери сынган бөлүкчөлөрдөн жараат алган. Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, тажик тараптын демилгеси менен саат 21:45те УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскер күчтөрүнүн командачысы Раджабали Рахмоналинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Тажик тарап ок атууну токтотууну суранып кайрылган. Бирок саат 22:30га карата тажик аскер кызматкерлери ички аскерлердин позицияларын маал-маалы менен аткылоону улантып, Эки-Таш, Кум-Базар, Чир-Дөбө аймактарында атышуулар уланууда.

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий