• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн Корумду айылында өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Корумду айылында өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 30-декабрда саат 08:30 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылында турак үй күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Ысык-Көл районунун №35 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 09:05де өрт чектөөгө алынып, саат 10:05те өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 55 жаштагы К.Т.К. аттуу эркек киши каза болгон. Жалпысынан аянты 36 чарчы метр болгон үй күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий