• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 19:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен Терек-Сай айыл аймагындагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырымында жол каттамдар убактылуу жабылган. Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Ошол эле күнү саат 20:30–21:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Өрүктү айыл аймагындагы Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн мал сарайларына суу кирип, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жеринде ӨКМден кызматкерлери жана атайын техника иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий