• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, үчөө оор жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, үчөө оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мурдараак маалымдалгандай, Ат-Башы районунда 3-февраль күнү саат 10:27 чамасында Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде “Ауди С4” жана “Тойота Ипсум” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (38 жаштагы жана 51 жаштагы) каза болуп, 3 адам (2 эркек киши: 53 жаштагы, 29 жаштагы, 1 аял киши: 55 жаштагы) оор жаракат алган.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий