• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине жалпы 282 адам тартылды.

ӨКМдин курамында 1 кинолог, 1 атчан болгон 172 куткаруучусу, ИИМден 110 кызматкер издөө ишин алып барууда. Ошондой эле жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды.

Эске салсак, 13-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий