• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө бүгүн, 18-май күнү да ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Пикир

Оставить комментарий