• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Италияда селден жабыркаган кыргызстандыктар жок

Коом 0


Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Италиянын түндүк тарабындагы Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги аталган аймакта жашаган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болууда.

Белгилей кетсек, Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр кечээ башталып, Чазена шаарын сел каптаган. 4 миң киши эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий