• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда аскердик билим алгысы келген талапкерлерди тандоо аяктады

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандарды тандоону аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган комитеттин аскердик билим берүү башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл 125 орунга 325 адам тапшырган.

“Талапкерлер тандоонун 4 баскычынан өтүшөт. Биринчиси – медициналык текшерүү, экинчиси – профессионалдык тандоо, үчүнчүсү – физикалык даярдыкты баалоо, төртүнчүсү – жалпы билим деңгээлин баалоо”, - деди Саалаев.

“325 адамдан 116 талапкер аскер институттарына тапшырышты. Ал эми чет өлкөдөгү аскердик окуу жайларга 362 адамдан 60 окуу орунуна 72 адам калды. Кечээ 148 киши жалпы билим деңгээлин баалоо үчүн тестирлөөдөн өтүшүп, 76 адам жетиштүү балл ала албай калышты”, - деди ал.

Ошондой эле ал Орусиянын аскердик окуу жайларында 20 адистик боюнча 47 орун бөлүнгөнүн айтты.

“Казакстан 3 аскердик окуу жайынан 9 окуу орунун бөлүп берген. Азербайжан, Турцияга 2 адамдан жиберүүнү пландап жатабыз. Тандоодон өткөндөрдүн төртөө - кыздар. Өткөндөрдүн арасында 67 аскер кызматкери, 15 аскердик лицейдин бүтүрүүчүсү бар”, - деди Саалаев.

Пикир

Оставить комментарий