• 88.68
  • 95
  • 0.95

Былтыр Кыргызстандын жайыт комитеттери тарабынан 224,1 млн сом чогултулган

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. 2023-жылдын 12 айында Кыргызстандын жайыт комитеттери тарабынан жайыт пайдалануучулардан 224 млн 160 миң 837 сом чогултулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, каражаттар жайыт инфраструктураларын жакшыртууга багытталган.

“Жыйынтыгында 5 миң 485 чакырым жол, 205 көпүрө, 154 мал суу ичүүчү жайлар жакшыртылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий