• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасында түндө жана эртең менен 6 жолу жер силкинди

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.24./Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында 23-январга караган түнү жана эртең менен 6 жолу жер титиреди.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин биринчи силкиниши саат 00:09да катталып, күчү 8 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Кумтөрдөн 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 210 чакырым чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Кумтөрдө – 6 балл, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында - 4,5 балл, Нарын шаарында - 4 балл, Бишкек шаарында - ​​3 баллга чейин сезилген.

Андан соң саат 00:42, 01:36да – 6 балл, 02:57де – 5 балл жана эртең менен саат 05:19да – 6 балл жана 07:18де – 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Акыркы жердин силкинүүсү Кумтөрдө сезилип, күчү 3 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий