• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ford унаасынын айдоочусу милиция кызматкерин сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкекте Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (аял киши) милиция кызматкерин сүзүп алды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя саат 9:30дар чамасында Гагарин көчөсүндө болгон.

“Жабыркаган Ленин райондук милициясынын кызматкери ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий