• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто каналдагы сууга 7 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Оштун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы Сары-Могол каналындагы сууга 7 жаштагы К.А. аттуу жаш бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана 5 милиция кызматкери тартылган.

Куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий