• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир адам көз жумуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. Ак-Суу районундагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө жабыркады деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык Каракол-Савхозу айылында болгон. “Mitsubishi Galant” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, андан 58 жаштагы айдоочу жеринде каза болгон. Эки жүргүнчү ар кандай жараттарды алып, райондук ооруканага жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий