• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Акыркы алты ай ичинде​ өрттүн саны 30,5​ пайызга азайды

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 1 миң 27 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 1478 өрт катталган), өткөн жылга салыштырмалуу 30,5% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн келтирилген материалдык чыгымдар 154 млн сомдон ашкан (2019-жылы 260 млн сомдон ашык - 40,7% азайган), өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап (2019-жылы 28 адам), жана 15 адам жабыркаган (2019-жылы 34 адам – 55,9%га азайган). Анын ичинде 2 жаш бала (2019-жылы 4 жаш бала).

Өрттөн 24 адамдын өмүрү сакталып калган (2019-жылы​ 46 адам өмүрү сакталган ) жана 142 млн 255 300 сом товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 447 (43,5 %),
-отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 168 (16,4 %),
-мештерди этиятсыздык менен колдонууда – 133 (13 %),
-балдардын от менен ойноосунан – 56 (5,5 %).

Өрттөр болгон негизги объектилер:

-турак жай сектору – 650 (63,3 %),
-унаа, гараж, турук (стоянка) – 134 (13 %),
-кампалар, соода бөлмөлөрү – 64 (6,2 %),
-ачык аянттар – 47 (4,6 %).

Болуп өткөн өрттүн бөлүнүшү:

​ ➡️Чүй облусунда – 262 өрт;
​ ➡️Бишкек шаарында – 175;
​ ➡️Жалал-Абад облусунда -138;
➡️Ош облусунда​ -132;
➡️Ысык-Көл облусу – 121;
➡️Нарын облусунда -43;
➡️Талас облусунда – 54;
➡️Ош шаарында – 27;
➡️Баткен облусунда – 75 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий